13:41, 2023-ж., 2-май

Ошто алыш белбоо күрөшү башталды

Ошто алыш белбоо күрөшү башталды

Бүгүн Ош шаарындагы “Кыргыз-Иран достугу” спорт комплексинде эркектер жана ардагерлер арасында Алыш белбоо күрөшү боюнча эл аралык турниринин ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Бүткүл дүйнөлүк «Алыш» федерациясынын президенти Баяман уулу Адилет, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.

Мелдешке Өзбекстан Республикасынан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 100дөн ашык спортчу катышууда. Спортчулар 9 салмак категориясы боюнча күч сынашат.

Жеңүүчүлөр медаль, диплом, акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Алыш

Комментарийлер

live comments feed...