• Башкы бет
  • Ошто ордо оюну боюнча республикалык чемпионат башталды
13:47, 2023-ж., 1-май

Ошто ордо оюну боюнча республикалык чемпионат башталды

Ошто ордо оюну боюнча республикалык чемпионат башталды

Бүгүн Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жаңы аянтчасында ордо оюну боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты башталды.

Турнирдин ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери боюнча мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин алдындагы Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциясынын башчысы Улан Эралиев, Шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров жана спортчулар катышты.

3-майга чейин уланган чемпионатка республиканын бардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан тогуз команда катышууда. Жеңүүчүлөр дипломдор, медалдар жана баалуу белектер менен сыйланышат. Мелдештин жыйынтыгы боюнча, жеңишке жетишкен командалардын оюнчулары Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамын алышат жана көчмөндөр оюндарында республиканын курама командасына киргизилет.

Чемпионат Спорттун улуттук түрлөрү бонча дирекциясы, Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ордо оюну

Комментарийлер

live comments feed...