• Башкы бет
  • Кыргызстандын пара дзюдочулары Азия чемпионатында беш медаль жеңишти
17:48, 2023-ж., 29-апрель

Кыргызстандын пара дзюдочулары Азия чемпионатында беш медаль жеңишти

Кыргызстандын пара дзюдочулары Азия чемпионатында беш медаль жеңишти

Кыргызстандын пара дзюдо боюнча курама командасынын мүчөлөрү Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында беш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Кыз-келиндер арасында 48 кг салмак категориясында катышкан Хайитхон Хусан кызы финалдык беттештте өзбекстандык спортчу Фотима Тоирова менен кез келди. Аны 10:00 эсебинде жеңип, Азиянын чемпиону болду.

Ал эми Регина Саламатова 48 кг салмакта коло байгеге ээ болду.

Эркектер арасында 60 кг салмак категориясында Алихан Жумагулов , Темирлан Абдукаримов, 73 кг салмакта Маматибрагим Суранов коло медаль тагынышты.

Аталган мелдеш 26-апрель күнү башталган 1-майда жыйынтыкталат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Пара дзюдо

Комментарийлер

live comments feed...