• Башкы бет
  • Ош: Үч миңден ашык спортчу жеңил атлетика боюнча мелдешке катышты
17:45, 2023-ж., 29-апрель

Ош: Үч миңден ашык спортчу жеңил атлетика боюнча мелдешке катышты

Ош: Үч миңден ашык спортчу жеңил атлетика боюнча мелдешке катышты

Бүгүн Ош шаарында борбордук аянтында ден соолукту чыңдоо жана сергек жашоону жайылтуу максатында, жеңил атлетика боюнча массалык жарыш болуп өттү.

Анын ачылышына Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитенинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жаштар, спортчулар, катышты.

Нурбек Кадыров, мэрия спорттук иш-чараларды өткөрүүгө ар дайым колдоо көрсөтүп келерин белгилеп, жалпы шаардыктарды жана жаштарды спорт менен машыгууга чакырды.

Жарыш бардык каалоочулар арасында 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкта өткөрүлдү.

Жарыш 16 категорияга бөлүнүп, жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, баалуу белектери менен сыйланышты.

Спорттук иш-чарага 14 жаштан 74 жашка чейинки (эркектер) жана 14 жаштан 66 жашка чейинки (аялдар) катышышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жеңил атлетика

Комментарийлер

live comments feed...