• Башкы бет
  • Ош шаарында алгачкы ирет жарым марафон өтөт
11:12, 2023-ж., 19-апрель

Ош шаарында алгачкы ирет жарым марафон өтөт

Ош шаарында алгачкы ирет жарым марафон өтөт

7-майда Ош шаарында Аманат Сити курулуш компаниясы Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте биринчи эл аралык жалпы жарым марафону өтөт.

Жарыш төрт дистанцияны камтыйт: 3 км, 10,5 км, 21 км. Ошондой эле эң кичинекей жөө күлүктөр (3 жаштан 10 жашка чейин) үчүн ««Amanat Kid’s Run»» балдар жарышы болот.

Башталышы жана бүтүшү: Ош, Борбордук аянт

Качан жана саат канчада? 7-май саат 7:30.

Стартердик пакеттерди берүү - 4-майдан

Катышуучулардын саны — 2000

Жарышка катышууну каалагандар www.nomadsport.net сайты аркылуу кирип каттала алат.

Ошондой эле төмөнкү дарек боюнча да катталсаңыздар болот. Ош шаары, Ленин көчөсү 147. Жарым марафонго: 2023-жылдын 1-майына чейин.

Катышуучуларды каттоо алдын ала жабылат.

Иш-чаранын жүрүшү жана уюштуруу маселелери боюнча көбүрөөк маалымат алуу үчүн уюштуруучулардын веб-сайтына кириңиз же төмөнкү телефон номерине кайрылыңыз: +996 509 320 000.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Марафон

Комментарийлер

live comments feed...