• Башкы бет
  • Мээрим Жуманазарованын мурдунан кан токтобой жеңиш атаандашына ыйгарылды
14:08, 2023-ж., 12-апрель

Мээрим Жуманазарованын мурдунан кан токтобой жеңиш атаандашына ыйгарылды

Мээрим Жуманазарованын мурдунан кан токтобой жеңиш атаандашына ыйгарылды

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова 11-апрелде Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия биринчилигинде коло байге үчүн казакстандык  Елена Шалыгина менен күрөштү.

Кармаштын 12-секундасында казакстандык балбан Мээрим Жуманазарованы мурунга сүзгөн. Жуманазарованын мурду канап кеткенине байланыштуу оюн токтолуп, дарыгердин кароосуна жөнөтүлгөн.

Беттешке кайра чыкканда мурдуна салынган кебез түшүп кетип, кайра канаган. Бул жолу канды басылтуу мүмкүн эмес болгондуктан оюн мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, жеңиш казакстандык спортчуга ыйгарылган.

68 кг салмактагы кыргызстандык балбан беттештин чейрек финалынан баштап, алгачкы атаандашы корей кыз Минжи Ханы 10:0 эсебинде утуп, бирок жарым финалда япониялык Ами Ишиге 2:6 эсебинде утулуп калып, коло байге үчүн күрөшкөн.

Кыргызстандагы интернет колдонуучулар Мээрим Жуманазаровага жасалган мындай мамиле үчүн нааразылык билдирип жатышат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Күрөш

Комментарийлер

live comments feed...