• Башкы бет
  • Ош шаарында дзюдо боюнча Азия кубогунун жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө тосуп алышты
12:36, 2023-ж., 11-апрель

Ош шаарында дзюдо боюнча Азия кубогунун жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө тосуп алышты

Ош шаарында дзюдо боюнча Азия кубогунун жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө тосуп алышты

Ош эл аралык аэропортунда кадеттер арасында дзюдо боюнча Азия кубогунун күмүш медалынын 73 кг салмактагы жеңүүчүсү Нурмухаммед Муратов менен бул турнирдин +78 кг салмак боюнча коло медалынын ээси Акмаржан Турдажиеваны салтанаттуу тосуп алышты.

Ага шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, машыктыруучулар, спортчулар жана алардын жакындары катышты.

Салтанаттын алкагында шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери спортчуларды медалдары менен куттуктап, ийгиликтерди каалашты.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 6-9-апрелинде Алматы шаарында дзюдо боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасында Азия кубогу өткөн. Ош шаарынан Нурмухаммед Бакиров дагы 73 килограмм салмакта коло медаль тагынды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош

Комментарийлер

live comments feed...