• Башкы бет
  • Президент Азия чемпионатында ийгиликке жеткен спортчуларды куттуктады
12:20, 2023-ж., 11-апрель

Президент Азия чемпионатында ийгиликке жеткен спортчуларды куттуктады

Президент Азия чемпионатында ийгиликке жеткен спортчуларды куттуктады

Президент Садыр Жапаров грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Казакстандын борбору Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатында ийгиликке жеткен балбандарды куттуктады.

«Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында спортчуларыбыздын бир тобу байгелүү орундарга ээ болгонуна кыргыз эли сүйүнүп, бири-бири менен кубанычтарын тең бөлүшүүдө. Бул кубанычты тартуулагандар: алтын байге ээлери — Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Акылбек Талантбеков жана алтынга тете күмүш алган Үзүр Жусупбеков, коло байге ээлери — Роман Ким, Раззак Бейшекеев жана Адилхан Нурланбеков. Бул да болсо кыргыз спорту өнүгүп жатканынан кабар берет. Балбандарыбызды бул жеңиши менен жалпы кыргыз элинин жана  жеке өзүмдүн атымдан куттуктаймын! Ошону менен бирге алдыда килем үстүнө чыгып, өлкө намысын коргой турган кыздарыбызга ийгиликтерди каалап кетмекчимин» , — деди Садыр Жапаров.

Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы жалпы жети медал утту, анын үчөө алтын, бири күмүш жана үчө коло байге.

Алтын медаль:
Акжол Махмудов (77 кг);
Жоламан Шаршенбеков (60 кг);
Акылбек Талантбеков (82 кг).

Күмүш медаль:
Үзүр Жузупбеков 97 кг.

Коло медаль:
Роман Ким (130 кг);
Раззак Бейшекеев (67 кг);
Адилхан Нурланбеков (72 кг).

Ал эми командалык көрсөткүчтө Кыргызстандын курамасы Ирандан кийинки экинчи орунда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Азия чемпионаты

Комментарийлер

live comments feed...