• Башкы бет
  • Эл аралык террордук уюмдун активдүү жактоочусу кармалды
15:25, 2023-ж., 30-март

Эл аралык террордук уюмдун активдүү жактоочусу кармалды

Эл аралык террордук уюмдун активдүү жактоочусу кармалды

Эл аралык террордук уюмдун активдүү жактоочусу, 28 жаштагы А.К. аттуу Жалал-Абад шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

А.К. Коргоо министрлигинин атайын бөлүмдөрүндө кызмат өтөп жүрүп, террордук топко кошулган. 2022-жылы Сириядагы согушка катышуу үчүн Кыргызстандан чыгып кетип, бирок согуш болгон аймакка кире албай кайра келген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-256-беренесинин 2-бөлүмү (кылмыш жасоого аракет кылуу — КР жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу, же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү) менен иш козголгон.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында шектүү кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Терроризм

Комментарийлер

live comments feed...