• Башкы бет
  • Ош шаарынын 2023-2026-жылга карата өнүктүрүү программасы бекитилди
15:13, 2023-ж., 30-март

Ош шаарынын 2023-2026-жылга карата өнүктүрүү программасы бекитилди

Ош шаарынын 2023-2026-жылга карата өнүктүрүү программасы бекитилди

Ошту туристтик борборго айландырып, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү колдоого көңүл бурулат. Калаанын 2023-2026-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы бекитилди. 

Программада айлампа жолдордун курулушун баштоо, шаардын көчөлөрүн оңдоп-түзөө боюнча иш алып барууга басып жасалаары айтылган. Ошондой эле:

Инвестиция тартуу, туризм тармагын активдүү өнүктүрүү аркылуу жаңы ишканаларды ачуунун негизинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү;

Келечекте Ошту туристтик борборго айландыруу;

“Санарип Ош” муниципалдык ишканасын түзүү, электрондук документ жүгүртүү системасынын потенциалын жогорулатуу;

Муниципалдык кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатууга, анын ичинде МАБдардын коомдогу ролун жогорулатууга өзгөчө көңүл буруу;

Калкты үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоого, көп кабаттуу үйлөрдүн коммуналдык абалын жакшыртуу жана сырткы фасаддарын оңдоо, балдар аянтчаларын куруу, шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, санитардык абалын жакшыртуу жана шаар калкын газ менен толук камсыз кылууну улантуу;

Шаардын ички көчөлөрүн жарыктандыруу жана шаар калкын коомдук транспорт менен тейлөөнүн сапатын жакшыртуу;

Заманбап таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу;

Шаар куруу жана муниципалдык менчик багытында генпландын негизинде шаардын деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгуу;

Шаар тургундарын ипотекалык негизде турак-жай менен камсыз кылуу;

Айлампа жолдордун курулушун баштоо боюнча иш алып баруу, шаардын көчөлөрүн оңдоп-түзөө жана социалдык имараттарды куруу менен муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу жагы каралган;

Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, саламаттыкты сактоо, спорт жана маданият тармагын жана социалдык коргоо тармагын өнүктүрүү пландалган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

live comments feed...