14:08
-ж., 29-февраль
23-мартта Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Туран” МАБдагы “Эдельвейс” дачасынын жашоочулары менен жолугушту.
Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар көйгөйлөрүн мэрге айтышты. Бакытбек Жетигенов жергиликтүү калктын маселелерин чечүү боюнча жеринде тапшырмаларды берди. Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкү жагдайларга басым жасалды:
- жарандардын буга чейинки кат түрүндөгү кайрылууларына ылайык жолдорду тегиздөө иштери аяктады;
- алдыда электр мамылары орнотулат;
- таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси боюнча тиешелүү комиссия түзүлөт.
Комментарийлер