• Башкы бет
  • Москвада эки кыргызстандык бычакталды
13:10, 2023-ж., 24-март

Москвада эки кыргызстандык бычакталды

Москвада эки кыргызстандык бычакталды

Орусиянын Москва шаарында эки бала бычакталып, бирөөсү көз жумду. Бул кылмышка шектелип 4 кыргызстандык кармалган. Бул тууралуу Ички иштер миинстрлиги билдирди.

Маалыматка караган, окуя 22-март күнү катталган. Москва милициясына эрте менен саат 04:10 чамасында маалымат келип түшкөн.

«Павшино кичи районунун полиция бөлүмүнө Подмосковный бульварындагы  үйлөрдүн биринин жанында эс-учун жоготкон адамдар жерде жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге полициянын кезмети жөнөтүлүп, Кыргызстандын эки жаранын бычакталган абалда табышкан. Алардын бири Чүй облусунун Сокулук районунун  К. уулу А. аттуу 18 жаштагы тургуну окуя болгон жерден эле каза болгондугун аныкташкан. Ал эми, экинчи жабырлануучу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 19 жаштагы  Х.Р. тургуну аймактык ооруканага жаткырылган», — деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.

Окуя болгон жерден көзөмөл камерасынын жазуусу каралып, айрым буюмдар табылып алынган.

Бул факты боюнча Орусиянын  Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (Киши өлтүрүү) менен 30-105-беренесинин (эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Анын алкагында кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталып, полицияга жеткирилген. Кармалган төрт адам тең 2003 жана 2002-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жарандары.

Ошондой эле алардан пневматикалык тапанча жана бычак табылып алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш чырдын негизинде жасалган. Шектүүлөрдүнбаш коргоо чарасын жакында сот тарабынан аныкталат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Москва шаары

Комментарийлер

live comments feed...