• Башкы бет
  • Бишкек шаарынын экс-вице-мэри кармалды
16:59, 2023-ж., 23-март

Бишкек шаарынын экс-вице-мэри кармалды

Бишкек шаарынын экс-вице-мэри кармалды

Бишкек «Тазалык» муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси, Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Рыспек Сарпашев кармалды. Бул тууралуу маалыматты  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Мекеме тараткан маалыматка карганда, ага карата ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

«С.Р.А. 2017-2018-жылдары «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору болуп турган кезде өзүнүн жеке пайдасы үчүн ишкананын айрым кызматкерлери менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келген. Иштебеген жана жетишсиз болгон атайын автотетиктерди (таштанды ташуучу унаалар, самосвалдар, жүк ташуучу унаалар) жана күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарып салган. Чындыгында унааларга бөлүнгөн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражаттар өздөрүнө бөлүнгөн. Соттук-бухгалтердик экспертизанын корутундусуна ылайык, «Тазалык» ишканасынын бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген» , — деп айтылат атайын кызмат тараткна маалыматта. 

УКМК Сарпашевдин мындай аракеттеринин натыйжасында атайын техника жана күйүүчү-майлоочу материалдар жетишсиз болуп, таштандылар өз убагында чыгарылбай, шаардыктар бир нече жолу арызданышканын да кошумчалады.

Учурда Сарпашев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бишкек

Комментарийлер

live comments feed...