• Башкы бет
  • "Айдоочулар пара сунуштаса, жоопкерчиликке тартылат",-ИИМ
13:58, 2023-ж., 22-март

"Айдоочулар пара сунуштаса, жоопкерчиликке тартылат",-ИИМ

"Айдоочулар пара сунуштаса, жоопкерчиликке тартылат",-ИИМ

Жол кыймылын бузган айдоочулар ЖКККББнын кызматкерлерине акча сунуштаса, жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Билдирмеде   ЖКККББнын өздүк курамында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, милициянын баркына доо кетирген кызматкерлерден тазалануу иштери жүрүп жатканы айтылат.

«Алардын ээлеген кызматына, көп жылдык тажрыйбасына жана кадыр-баркына карабастан иш катуу жүргүзүлүп жатат. Бирок жол эрежесин бузгандыгы үчүн маселени жеринен чечүүгө аракет кылып кызматкерлерге акча сунуштап, коррупциялык элементтерге өздөрү себепчи болгон айдоочулар дагы Кылмыш-жаза кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартыла турганын эскертебиз», — деп жазылган.

Акча сунуштаган айдоочуларга карата 30 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып салуу, же 2 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Эске салсак, жол кыймылы боюнча жаңы мыйзам 8-мартта күчүнө киргизилген. Анда айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандарды 3 күнгө убактылуу кармоо жайына киргизүү, кайра экзамен тапшыруу, айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу каралып,  айрым айып пулдардын суммасы 15 миң сомго чейин жогорулаган.

Республикада жол коопсуздугу боюнча жаңы эрежелер киргенден баштап, бир жума аралыгында жол кырсыгынын саны 12%га кыскарганы буга чейин маалымдалган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ИИМ

Комментарийлер

live comments feed...