• Башкы бет
  • Окуучулардын республикалык олимпиадасы башталды
13:56, 2023-ж., 22-март

Окуучулардын республикалык олимпиадасы башталды

Окуучулардын республикалык олимпиадасы башталды

Бүгүн, 22-мартта мектеп окуучуларынын олимпиадасынын IV этабы (республикалык) башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Олимпиаданын ачылыш аземи Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде болуп, ага билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева катышты.

Олимпиаданын IV этабында (республикалык) III этапта (облустук) алдыга озуп чыккан 325 окуучу төмөндөгү 10 предмет боюнча таймашууда:

·окутуу кыргыз тилинде болгон мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты;

·окутуу орус тилинде болгон мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты;

·окутуу кыргыз тилинде болгон мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты;

·окутуу орус тилинде болгон мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты;

·англис тили;

·математика;

·информатика;

·физика;

·химия;

·биология;

·география;

·тарых.

Олимпиадалык тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Олимпиада

Комментарийлер

live comments feed...