14:08
-ж., 29-февраль
Бүгүн, 22-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 875 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, суунун агып келиши секундасына 251 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 273 куб метрди түзүүдө.
Суу сактагычтын максималдуу чеги 19,5 млрд куб метр. Мындай көлөмдөгү суу Токтогулга 2017-жылы толгон. Ал эми эң төмөнкү чеги 2008-2009-жылдары, кийин 2014-жылы 6,4 млрд куб метрге чейин жеткен.
Кыргыз бийлиги Токтогулдагы суунун деңгээлин критикалык чекке жеткирбей кармап турууга аракет көрүп келет. Бирок суунун көлөмү 5,5 млрд куб метрге түшүп кетсе, анда ГЭСтин агрегаттарын токтотууга аргасыз болот.
Комментарийлер