• Башкы бет
  • Жер титирөөнүн кесепетинен Пакистан менен Ооганстанда 11 адам каза болду
13:31, 2023-ж., 22-март

Жер титирөөнүн кесепетинен Пакистан менен Ооганстанда 11 адам каза болду

Жер титирөөнүн кесепетинен Пакистан менен Ооганстанда 11 адам каза болду

Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында 21-март күнү кечинде катталган жер титирөөдөн кеминде тогуз киши набыт болду. Ооганстандын чыгышындагы Лагман провинциясында дагы эки адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды.

News  гезити Хайбер-Пахтунхвадагы табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгынын жаңыланган маалыматтарына таянып билдиргендей, жер титирөөдө жараат алгандардын саны 44кө жетти.

Reuters агенттиги Пакистан полициясына таянып, Сват районунда 150дөй киши жарадар болгонун кабарлады. Райондук ооруканалар күчөтүлгөн режимде иштөөдө.

21-мартта Ооганстанда күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын очогу Ооганстандын Пакистан жана Тажикстан менен чек арасына жакын жерде, 12 миңден ашык калкы бар Ишкашим шаарынан 48 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.

Жер титирөөнү Индия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстандын тургундары да сезген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жер титирөө

Комментарийлер

live comments feed...