• Башкы бет
  • Кармалган бажычылардын арасында башкы прокурордун кайниси да бар
16:11, 2023-ж., 20-март

Кармалган бажычылардын арасында башкы прокурордун кайниси да бар

Кармалган бажычылардын арасында башкы прокурордун кайниси да бар

УКМК 18-мартта Бажы кызматынын жооптуу кызматкерлери коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Кармалгандар Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келген туруктуу канал уюштуруп алганы маалымдалган.

Камчыбек Ташиевдин буга чейин коррупцияга шектелип кармалган Бажы мамлекеттик кызматкерлери тууралуу түшүндүрмө берген видеосу соцтармакта тарады. Анда Ташиев жалпы 8 адам кармалганын, алардын арасында Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бир тууган кайниси да бар экендигин маалымдаган.

«Кармалгандардын арасында Курманкул Токторалыевичтин бир тууган кайниси бар экендиги чындык. Ал азыркы күндө сурак берип жатат. Бирок бул ишке Курманкул Зулушевдин эч кандай тиешеси жок. Эгерде анын кайниси мамлекетке зыян келтирсе, чыгымды толуктайт жана мыйзамдуу жазасын алат»,- деп айткан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле, Камчыбек Ташиев башкы прокурор Курманкул Зулушев экөөнүн ортосунда эч кандай пикир келишпестик жоктугун айткан. Мыйзам чегинде, өз милдеттерибиздин негизинде иш алып барып жатабыз деген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УКМК

Комментарийлер

live comments feed...