11:28, -ж., 18-март
Баткен: 55 жаштагы жаранды бычактоого шектелген жаран кармалды

Кадамжайда 55 жаштагы жаранды бычактап качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кадамжайда бычактан жаракат алган жаран ооруканага кайрылган. Бул маалымат Кадамжай райондук милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, иликтөө иштери башталган.
Жыйынтыгында кылмыштын изи сууй электе Үч-Коргон айылында кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн Масалиев айылынын 33 жаштагы А.Ж. аттуу тургуну аныкталып, кармалган.
Азыркы күндө Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталып, кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
11:30
-ж., 18-март
11:28
-ж., 18-март
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер