• Башкы бет
  • Ошто Нооруз майрамына карата спорттук иш-чаралар уюштурулууда
13:31, 2023-ж., 17-март

Ошто Нооруз майрамына карата спорттук иш-чаралар уюштурулууда

Ошто Нооруз майрамына карата спорттук иш-чаралар уюштурулууда

Нооруз майрамына карата Ош шаарынын бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарында шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан жашоочулар арасында спорттун ар кандай түрлөрү (шахмат, гиря көтөрүү, аркан тартыш, кол күрөш) боюнча спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Шаардык маданият башкармалыгы популярдуу эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа уюштуруп жатат.

“Манас-Ата” МАБда концерттик программа жана спорттук мелдештер башталып, ага 150гө жакын адам катышты. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бүгүн бул иш-чаралар “Керме-Тоо” МАБда өттү.

Эртең мындай иш-чаралар “Туран” МАБда саат 17:00гө белгиленген.

Ал эми 21-март А.Навои атындагы паркта шахмат, стол тенниси, армрестлинг боюнча мелдештер пландаштырылган. Ал эми Т.Сатылганов сейил багында шаар тургундары жана коноктору арасында спорттун улуттук түрлөрү: тогуз коргоол, күрөш, аркан тартыш жана ордо боюнча мелдештер уюштурулат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Нооруз

Комментарийлер

live comments feed...