• Башкы бет
  • АКШ Украинага кезектеги аскердик жардамын берет
13:29, 2023-ж., 17-март

АКШ Украинага кезектеги аскердик жардамын берет

АКШ Украинага кезектеги аскердик жардамын берет

АКШ Украинага кезектеги аскердик жардам топтомун сунат. Бул тууралуу Ак үйдүн өкүлү Жон Кирби маалымдады.

Азырынча АКШнын Украинага кезектеги жардамынын суммасы айтыла элек. Алдын ала маалыматтар боюнча ири суммада болушу күтүлүүдө. Аны жакынкы күндөрдө жарыялашат. Жон Кирбинин айтымында, бул жардам «дүйнөдө теңдеши жок» колдоолордун бири болот.

15-мартта видеоконференция форматында Украинанын коргонуусу боюнча байланыш тобунун жыйыны өтүп, анда 40тан ашык өлкөнүн өкүлү катышкан. Жыйындын соңунда АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Швеция Киевге он даана Leopard 2 танкын жана абадан коргонуу системасын тапшыра турганын айткан.

Ал эми Испания Украинага курал-жарак, гуманитардык жардам жана украин аскерлерин окутуу аркылуу колдоо көрсөтөрүн дагы бир ирет тастыктаган. Жакынкы күндөрү Мадрид Киевге Leopard 2А 4 моделиндеги 6 согуштук танк жиберет деп билдирген Испаниянын коргоо министри Маргарита Роблес.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#АКШ

Комментарийлер

live comments feed...