• Башкы бет
  • Бишкектин соту "Азаттык Медианын" банк эсебинин бөгөттөлүшү боюнча ишти кароону токтотту
13:19, 2023-ж., 17-март

Бишкектин соту "Азаттык Медианын" банк эсебинин бөгөттөлүшү боюнча ишти кароону токтотту

Бишкектин соту "Азаттык Медианын" банк эсебинин бөгөттөлүшү боюнча ишти кароону токтотту

Бишкектин административдик соту «Азаттык Медиа» мекемеси банк эсебинин бөгөттөлүшүнө байланыштуу Финансылык чалгын кызматы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке каршы жазган арызды кароону токтотту. Бул тууралуу адвокат Нурбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, сот мындай чечимди «Азаттык Медианын» Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесинен чыгарылганына байланыштуу кабыл алганын билдирди.

Сыдыков банк эсебинин бөгөттөлүшүнө байланыштуу «Азаттык Медиа» мекемеси 2022-жылдын 27-октябрынан 28-декабрына чейин каражатын пайдалана албаганын, мындан улам башкаруучу компания салыктарды өз учурунда төлөбөгөндүгү үчүн айып пул катары мамлекетке кошумча 100 миң сомдон ашык акча төлөөгө аргасыз болгонун билдирди.

Адвокат сот ишти маңызы боюнча карагандан кийин гана чечим чыгарышы керектигин белгилеп, жогорку баскычтагы сотко доо арыз жазыларын кошумчалады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Азаттык Медиа

Комментарийлер

live comments feed...