• Башкы бет
  • Түркиянын президенти менен Садыр Жапаров жолугушту
14:05, 2023-ж., 16-март

Түркиянын президенти менен Садыр Жапаров жолугушту

Түркиянын президенти менен Садыр Жапаров жолугушту

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Ал кечээ, 15-мартта Түркиянын Анкара шаарына иш сапары менен барган.

Жолугушууда Режеп Тайып Эрдоган Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге Түрк инвестициялык фондун түзүүнү жана анын Бишкекте аймактык өкүлчүлүгүн ачууну колдой турганын баса белгилеген.

«Тактап айтканда, жиберилген куткаруучулар тобу жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүшкөн. Мындан тышкары, ал көрсөтүлгөн гуманитардык, каржылык жардам жана кыргыз тараптан жөнөтүлгөн мобилдик оорукана үчүн ыраазычылык билдирди» — деп айтылат маалыматта.

Президенттик администрациянын маалыматында Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 26 пайызга өскөн. Жыйында бул көрсөткүчтү 2 млрд АКШ долларына жеткирүү максаты коюлду. Кыргызстан өз ара сооданы көбөйтүү үчүн түрк тарап менен жигердүү иштөөгө жана өз ара аракеттенүүгө ниеттенүүдө.

Тараптар эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүгүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Түркия

Комментарийлер

live comments feed...