• Башкы бет
  • Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кармалды
14:00, 2023-ж., 16-март

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кармалды

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кармалды

Мурдагы вице-премьер-министр, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев  кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлагандай, ал лицензия берүү үчүн пара алууга шек саналып жатат.

«З.Д.Т. 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып Б.Р. аттуу жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алганы аныкталды. Бирок З.Д.Т. айтылган убадаларын аткарган жана алган акча каражаттарын кайтарып берген эмес. Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 15-мартында З.Д.Т.  УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», -деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Дүйшөнбек Зилалиев

Комментарийлер

live comments feed...