• Башкы бет
  • Кайрат Иманалиев маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды
16:31, 2023-ж., 15-март

Кайрат Иманалиев маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Кайрат Иманалиев маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Иманалиевди министрликтин эмгек жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырган.

Кайрат Иманалиев президенттин 9-марттагы буйругу менен Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматынан бошотулган.Ал УТРКны 2022-жылдын июнь айынан бери жетектеп келген. 2019-жылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, 2021-жылы министр кызматын аркалаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кайрат Иманалиев

Комментарийлер

live comments feed...