• Башкы бет
  • Муфтият быйылкы жылкы фитир-садаканын өлчөмүн бекитти
16:10, 2023-ж., 15-март

Муфтият быйылкы жылкы фитир-садаканын өлчөмүн бекитти

Муфтият быйылкы жылкы фитир-садаканын өлчөмүн бекитти

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 2023-жылга садака-фитирдин баасын жана зекеттин өлчөмүн бекитти. 

Быйылкы садака-фитирдин баасы 50 сомдон 986 сомго чейин бекитилди. Ар бир колунда бар адам муфтият көрсөткөн өлчөмдүн ичинен каалаганын тандап алып садакага берсе болот.

Садака-фитир чоңу-кичинесине, аял-эркегине карабастан үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бирине эсептелип берилет. 

Ал эми, зекетти байлыгы зекет өлчөмүнө жетип, колунда кармалып турганына бир жыл толгон адамдар бериши керек. Анын өлчөмү 85 грамм алтын жана 595 грамм күмүштүн баасы менен эсептелет.

Быйылкы наркка ылайык зекеттин өлчөмү (алтындын бир граммы 2890, күмүштүн 1 граммы 53 сомдон эсептелгенде) алтын менен 245 миң 650 сом, күмүш менен 31 миң 535 сом болду. Колунда мындай жана мындан көп байлыгы бар жарандар анын 2,5%ын зекетке бериши керек.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Муфтият

Комментарийлер

live comments feed...