• Башкы бет
  • Жогорку Кеңештин депутаты катышкан мушташ боюнча эки адам кармалды
12:50, 2023-ж., 14-март

Жогорку Кеңештин депутаты катышкан мушташ боюнча эки адам кармалды

Жогорку Кеңештин депутаты катышкан мушташ боюнча эки адам кармалды

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров аралашкан мушташ боюнча 13-мартта эки адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык милиция тараткан билдирүүгө ылайык, 12-мартка караган түнү болгон окуядан кийин жаракат алып Улуттук госпиталга түшкөн адам милицияга арыз жазган. Жыйынтыгында 34 жана 35 жаштагы эки киши кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аларга карата  Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБи Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгоду.

Эске салсак, 12-мартта социалдык тармактарда  Бишкектеги ресторандардын биринде депутат Жаныбек Абировго окшош киши бир адамды ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Тасмада топ кишилер жулмалашып, мушташып жаткандыгын көрүүгө болот. Кийинчерээк сабалган адам аталган жайдын коопсуздук кызматкери болгону белгилүү болду. Ал алган жараатынан улам Бишкектеги Улуттук госпиталда даарыланууда.

Ал арада президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 13-мартта окуя боюнча Садыр Жапаров кабардар экенин, Ички иштер министрлигине окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырмасы берилгенин билдирди.

Бирок, сөз болуп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров азырынча эч кандай коментарий бере элек. Ал 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жаныбек Абиров

Комментарийлер

live comments feed...