• Башкы бет
  • Кара-Сууда такси айдоочусун тоноого шектелген жаран кармалды
14:38, 2023-ж., 13-март

Кара-Сууда такси айдоочусун тоноого шектелген жаран кармалды

Кара-Сууда такси айдоочусун тоноого шектелген жаран кармалды

Кара-Сууда такси айдоочусун тоноого шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда окуя 25-январга караган түнү саат 05:00 чамасында болгон. Шектүү такси чакырып, айдоочу дарекке барганда анын денесине жараат келтирип, 10 миң сом акчасын жана кышкы курткасын тартып алган. Кийин жабырлануучунун арызы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин тоноо беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милиция шектүүнү 9-мартта кармаган. Сот анын баш коргоо чарасын карап, 30-апрелге чейин камакта калтырды.

Шектүү Баткен облусунун тургуну экени жана буга чейин бир нече жолу соттолгону аныкталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

live comments feed...