• Башкы бет
  • Беларуссияда мамлекеттке чыкынчылык кылган адам өлүм жазасына тартылат
13:31, 2023-ж., 10-март

Беларуссияда мамлекеттке чыкынчылык кылган адам өлүм жазасына тартылат

Беларуссияда мамлекеттке чыкынчылык кылган адам өлүм жазасына тартылат

Александр Лукашенко «Кылмыш жоопкерчилиги маселелери боюнча кодекстерди өзгөртүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Ага ылайык, мамлекетке чыккынчылык кылган аткаминерлер же аскер кызматкерлери өлүм жазасына тартылат. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы билдирди.

Документ боюнча мамлекетке чыккынчылык кылууга, бийликти басып алуу максатында кутумга барууга, тыңчылык кызмат көрсөтүүгө шектелген кишилерди камакта кармоо мөөнөтү үч суткадан он суткага чейин жогорулайт. Шектүүгө айып тагуу мөөнөтү 20 суткага чейин көбөйөт.

Мыйзамда терроризмди үгүттөө жана Куралдуу Күчтөрдү дискредитациялоо үчүн да жоопкерчилик каралган.

Бул арада диверсия жасоого даярдык көргөн, бирок кийин ниетинен баш тарткан жана бул сыяктуу кылмыштарды бөгөттөөгө көмөк көрсөткөн кишилер кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Мурдараак Беларустун Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасы мыйзам долбоору деструктивдүү элементтерге бөгөт коюу жана мамлекетке чыккынчылык кылууга каршы чечкиндүү күрөшүү үчүн керек экенин белгилеген.

Буга чейин Беларуста «мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренеси боюнча журналист Денис Ивашин, медиаменеджер Андрей Александров, журналист Катерина Андреева, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын капитаны Денис Урад, «темир жол партизандары» делген Дмитрий Климов менен Владимир Аврамцев, Дмитрий Равич, Денис Дикун, Олег Молчанов 8 жылдан 23 жылга чейин эркинен ажыратылган.

2022-жылдын майында Лукашенко теракттарды ишке ашыруу аракети үчүн өлүм жазасын колдонууга жол ачкан мыйзамга кол койгон.

Беларустун Хельсинки комитети, «Вясна» укук коргоо борбору жана «Өлүм жазасына каршы укук коргоочулар» тобу мыйзамга каршы билдирүүлөрдү жасашкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Беларусь Республикасы

Комментарийлер

live comments feed...