• Башкы бет
  • Өткөн жылы "Манас" аэропорту 2,5 млндон ашык жүргүнчү тейледи
09:57, 2023-ж., 10-март

Өткөн жылы "Манас" аэропорту 2,5 млндон ашык жүргүнчү тейледи

Өткөн жылы "Манас" аэропорту 2,5 млндон ашык жүргүнчү тейледи

Өткөн жылы «Манас» эл аралык аэропорту 2 млн 695 миң 883 жүргүнчүнү тейлегенге жетишти. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ички каттамдарда жүргүнчүлөрдүн агымы 763 миң 394 адамды түзсө, эл аралык каттамдарда 1 миллион 932 миң 489 жүргүнчү катталган.

2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 26,8%га жогорулаган.

«Манас» эл аралык аэропортунда жогоруда көрсөтүлгөн мезгилде 24 миң 254 аба каттам аткарылган. Анын ичинен ички – 6 миң 421, эл аралык – 17 миң 833 каттам аткарылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Манас аэропорту

Комментарийлер

live comments feed...