• Башкы бет
  • "Улуттук энергохолдинг" жоюлушу мүмкүн
15:29, 2023-ж., 7-март

"Улуттук энергохолдинг" жоюлушу мүмкүн

"Улуттук энергохолдинг" жоюлушу мүмкүн

«Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик ишканасы жоюлса, анын функциясы Энергетика министрлигине же анын алдында түзүлгөн башкармалыкка (департаментке) жүктөлөт. Бул тууралуу аталган ишкананын төрагасы Талайбек Байгазиев «Марал» радиосунун  эфиринде билдирди.

Азыркы тапта бул маселе талкууланып жатат.

«Жеке компаниялар менен мамлекеттик ишкананын биргеликте иш алып баруусу боюнча азырынча жол-жобо жок. Ошондуктан мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү же жаңы мыйзамдарды иштеп чыгуунун үстүнөн юристтер иш алып барышууда».  

Быйыл апрель айында «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын акционерлеринин жылдык чогулушун өткөрүп, андан кийин жоюу процесстери башталарын кошумчалады мекеменин башчысы.

Эске салсак, январь айынын аягында парламенттин тармактык комитетинде энергетика министри Таалайбек Ибраев «Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик ишканасы жоюларын билдирген.

«Мурда министрлик жоюлуп, холдинг түзүлгөн. Кайра министрлик түзүлгөнү менен холдинг кала берди. Бүгүнкү күндө Коопсуздук кеңешинде каралган. Менчик компаниялар менен кошо энергохолдинг да жоюлат», — деп айткан министр.

«Улуттук энергохолдинг» 2016-жылы түзүлүп, Энергетика министрлиги жоюлган. 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин келген бийлик Энергетика министрлигин кайра түзгөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Энергетик министри

Комментарийлер

live comments feed...