• Башкы бет
  • Бир катар акимдер иштен кетип, кээ бирлерине сөгүш жарыяланды
12:52, 2023-ж., 4-март

Бир катар акимдер иштен кетип, кээ бирлерине сөгүш жарыяланды

Бир катар акимдер иштен кетип, кээ бирлерине сөгүш жарыяланды

Бир катар жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына жана шаар мэрлерине сөгүш жарыяланып, айрым жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, бул чечим социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндүгүнө, функционалдык милдеттерди аткаруунун деңгээлинин жетишсиздигине байланыштуу кабыл алынган.

«Бул президент тарабынан, жер амнистиясын жүргүзүү боюнча түзүлгөн комиссиянын ишин текшерүүнүн жыйынтыгы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана облустук деңгээлдеги шаарлардын мэрлеринин 2022-жылга аткарылган иштери жөнүндө отчетторун кабыл алуу боюнча жумушчу комиссиянын чечимине ылайык кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Кызматынан бошотулгандар:

Жамшит Матанбаев — Нарын облусунун Жумгал районунун акими;

Бактибек Анаркулов — Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими;

Сөгүш алгандар:

Алайбек Жумаев — Чүй облусунун Кемин районунун акими;

Келсинбек Бектемиров —Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри;

Урматбек Самаев — Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри.

Эскертүү алгандар:

Сейтек Кулубаев — Ош облусунун Араван районунун акими;

Турусбек Ногоев —  Ош облусунун Кара-Суу районунун акими;

Мураталы Тагаев — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими;

Досмамбет Жээнбеков — Талас облусунун Манас районунун акими.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан кабыл алынган чечимдерге ылайык, төмөнкүлөр ээлеген кызматтарынан бошотулган:

Бактыбек Абдыгулов —Чүй облусунун Аламүдүн районунун акиминин биринчи орун басары;

Зина Баялиева — Талас облусунун Талас районунун акиминин орун басары;

Данияр Сатаров  —Ысык-Көл облусунун Түп районунун акиминин биринчи орун басары;

Гүлжамал Султангазиева —  Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акиминин орун басары.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Акимдер

Комментарийлер

live comments feed...