• Башкы бет
  • Өзгөн районундагы 14 кызматкерге кылмыш иши козголду
14:23, 2023-ж., 3-март

Өзгөн районундагы 14 кызматкерге кылмыш иши козголду

Өзгөн районундагы 14 кызматкерге кылмыш иши козголду

Өзгөн райондук прокуратурасы 1998-жылдан 2020-жылга чейинки аралыкта «Кадастр», Архитектура жана райондук администрацияда иштеген он төрт кызматкерге кылмыш ишин козгоду. Алар жер мыйзамдарын бузган деп айыпталып жатат. Бул тууралуу «Т-Медиага» прокурордун орун басары Саркарбек Эшманов билдирген.

Анын маалыматы боюнча, аталган кызматкерлер «Бал-Көчөт» акционердик коомуна 164,5 гектар жерди берүүдө мыйзам бузган.

«Акционердик коомго 164,5 гектар жер убактылуу пайдаланууга берилген. Бирок жер мыйзамдарын бузуу менен өткөн. Анын ичинен 2 гектар 69 сотых жерге, 45 сотых бала бакчанын жерине кызыл китеп берилип калган. Мындайча айтканда жерлер акционердик коом тарабынан сатылууда. Тергөөнүн жүрүшүндө 14 адам аныкталып, ар бирине юридикалык баа берилди. Кылмыш иши 2021-жылы козголгон. Былтыр октябрда өндүршкө алынып, быйыл февралда сотко жөнөттүк», -дейт Эшманов.

Ош облустук соту бул боюнча толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Өзгөн району

Комментарийлер

live comments feed...