14:08
-ж., 29-февраль
Балбан Акжол Махмудовго «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгү 27-февралда билдирди.
Бүгүн, Акжол Махмудов жана машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовду облус башчысы Зиядин Жамалдинов кабыл алган. Анда Махмудовго «Ош облусунун Ардактуу атуулу» наамы, машыктыруучусуна Ардак грамота жана акчалай сыйлык тапшырылган.
Акжол Махмудов Азиянын эки жолку чемпиону. Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси. Ал 11-сентябрда Сербиянын Белград шаарында өткөн мелдеште 77 килограмм салмакта күрөшүп, Дүйнө биринчилигин жеңип алган.
Комментарийлер