• Башкы бет
  • Өткөн жылы спортчулар жалпы 482 медаль утушкан
14:34, 2023-ж., 23-февраль

Өткөн жылы спортчулар жалпы 482 медаль утушкан

Өткөн жылы спортчулар жалпы 482 медаль утушкан

2022-жылы кыргызстандык спортчулар өлкө капчыгына жалпы 482 медаль алып келди. Бул тууралу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Кыргызстандын спортчулары олимпиадалык спорт түрлөрүнөн 57 алтын, 68 күмүш, 113 коло, олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнөн 42 алтын, 51 күмүш, 66 коло, улуттук спорттун түрлөрүнөн 27 алтын, 26 күмүш, 32 коло медаль алышкан. Жыйынтыгында өлкө капчыгына жалпы 126 алтын, 145 күмүш, 211 коло түшкөн.

Ошол эле учурда Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугун багындырган. Анын натыйжасында Кыргызстандын курама командасы эл аралык рейтингде алдыңкы орунга чыгып, дүйнөлүк курама командага кирди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Спорт

Комментарийлер

live comments feed...