• Башкы бет
  • Өзгөндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
15:53, 2023-ж., 11-февраль

Өзгөндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Өзгөндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Өзгөн районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу 10-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалгандардын бири «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү. Ал кылмыш-жаза кодексинин 170- адам уурдоо беренеси боюнча кылмышка шектелип, Баткен райондук соту тарабынан 2021-жылы издөөгө алынган.

Шектүүлөр Баткен районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УКТ

Комментарийлер

live comments feed...