14:08
-ж., 29-февраль
Баткен облусук сотунун «Х.у.Ш. аттуу катчысы кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, катчы 300 миң сом акча каражатын кайтарып берип жатканда кармалган.
«Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту (пара алуу) боюнча ири өлчөмдө акчаны кайтарып берип жаткан жеринен кармалган», — деп айтылат билдирүүдө.
Х.у.Ш. акчаны алып, соттордо оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүгө убада берген.
Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүүдө.
Комментарийлер