14:08
-ж., 29-февраль
Ош шаарында опузалап акча талап кылууга шектелген «Женго» каймана аттуу Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Алар Ош облусунун тургунунан 14 миң 500 АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
Такталгандай, кармалгандар күч көрсөтүп коркутуу жолу менен акча берүүгө милдеттендиришкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кармалгандар Ош шаардык сотунун чечими менен камакка алынган.
Комментарийлер