• Башкы бет
  • Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы Хорватиядагы мелдешке катышат
12:44, 2023-ж., 28-январь

Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы Хорватиядагы мелдешке катышат

Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы Хорватиядагы мелдешке катышат

Кыргызстандык балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы Хорватияда өтө турган мелдешке катышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, 1-февралдан 5-февралга чейин Хорватиянын борбору Загреб шаарында биринчи рейтингдик эл аралык Zagreb Open турнири өтөт.

Мелдеште Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта, ал эми Айпери Медет кызы 76 кг салмакта күч сынашат.

Айсулуу Тыныбекова Азиянын төрт жолку, Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Олимпиада оюндарында күмүш медалдын ээси. Эгемен Кыргызстандын тарыхында күрөштүн олимпиадалык түрлөрү боюнча Дүйнө чемпиону болгон алгачкы спортчу.

Ал эми Айпери Медет кызы 2021-жылы Норвегиянын Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде коло медаль тагынган, 2022-жылы Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн Азия биринчилигинде чемпион болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Дүйнөлүк күрөш

Комментарийлер

live comments feed...