• Башкы бет
  • Өзбек-кыргыз биргелешкен туристтик продукцияларды түзүү сунушталды
14:23, 2023-ж., 27-январь

Өзбек-кыргыз биргелешкен туристтик продукцияларды түзүү сунушталды

Өзбек-кыргыз биргелешкен туристтик продукцияларды түзүү сунушталды

Кыргызстан Өзбекстанга биргелешкен туристтик продукцияларды түзүүнү сунуштады. Президент Садыр Жапаров 27-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуусунда билдиргендей, бул чет элдик туристтерге нукура жашоо образына сүңгүп, өлкөлөрдүн калкынын маданиятын, улуттук табитин жана салттарын туюп-билүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берүүнүн эң мыкты жолу.

Мындай максатта эс алуу аймактарын — Ысык-Көл, Жалал-Абад, ошондой эле Чуңкурчак, Каракол жана руханий туризмди Самарканд, Бухара, Хива өнүктүрүү жаатында биргелешкен туристтик продукцияларды жасоону сунуштады.

«Кыргыз тарап жаңы туристтик маршруттардын келечегин изилдөө үчүн биргелешкен экспедицияларды уюштуруу, бирдиктүү виза алуу, заманбап Улуу Жибек Жолунун боюнда биргелешкен туристтик продукцияларды жаратуу, геопарктарды түзүү сыяктуу биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жаатында кызматташууну өнүктүрүү — маанилүү деп эсептейт» , — деди президент Жапаров.

Бүгүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекетти сапары ишке ашты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#кыргыз-өзбек президенттердин жолугушуусу

Комментарийлер

live comments feed...