• Башкы бет
  • Мамлекеттик курулуш агентигинин жетекчиси болуп Мырзабек Жыпаркулов дайындалды
12:38, 2023-ж., 26-январь

Мамлекеттик курулуш агентигинин жетекчиси болуп Мырзабек Жыпаркулов дайындалды

Мамлекеттик курулуш агентигинин жетекчиси болуп Мырзабек Жыпаркулов дайындалды

Архитектура, курулуш жана турак жай — коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси алмашты.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Нуртазин Жетибаев кызматтан кетип, ордуна Бишкек шаардык мэриясынын мурдагы аппарат башчысы Мырзабек Жыпаркулов дайындалды. Ал эмгек жамаатына тааныштырылды.

Нуртазин Жетибаев курулуш агенттигине 2022-жылдын июнь айында жетекчи болгон. Ага чейин агенттикти Токтомамбет Сатышов башкарган.

Нуртазин Жетибаев Президенттин иш башкармалыгында жетекчинин биринчи орун басары кызматын аркалаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Мырзабек Жыпаркулов

Комментарийлер

live comments feed...