14:08
-ж., 29-февраль
Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык спортчулар 7 коло медаль утту. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Чемпионатка 22 жашка чейинки спортчулар катышкан. Кыргызстанга байге уткандар:
§Ислам Торобаев (54 кг);
§Аскат Култаев (63,5 кг);
§Ихтияр Нишонов (67 кг);
§Нурадин Рустамбек уулу (71 кг);
§Нурсултаев Болотбаев (86 кг);
§Бакыт Токтосун уулу (92 кг);
§Ооматбек Элчоро уулу (92 кг жогору).
Спортчулардын улук машыктыруучусу Улан Сагынбаев жана башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу.
Комментарийлер