• Башкы бет
  • Эстония орус элчисин өлкөдөн чыгарыларын билдирди
13:50, 2023-ж., 24-январь

Эстония орус элчисин өлкөдөн чыгарыларын билдирди

Эстония орус элчисин өлкөдөн чыгарыларын билдирди

Эстония Москвага жооп катары орус элчисин өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды. Элчи Владимир Липаев 7-февралга чейин өлкө аймагынан чыгып кетиши керек. Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Эстониянын элчисине ушундай эле чечим чыгарган.

"Биз Орусия менен мамиледе тең укуктуулук принцибин карманабыз. Бул Эстониянын элчиси Орусиядан качан чыгып кетсе, орус элчиси да ошол эле күнү Эстониядан чыгып кетет дегенди билдирет", — деп айтылат эстон Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевич анын өлкөсү Эстония менен тилектештик үчүн 24-февралдан Орусия менен дипломатиялык мамилелердин деңгээлин төмөндөтөрүн жарыялады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 23-январда Эстония менен дипломатиялык алакалардын деңгээлин төмөндөткөнүн маалымдаган. Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, Эстониянын элчиси 7-февралында Орусиядан чыгып кетүүгө тийиш. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн деңгээли убактылуу ишенимдүү өкүлгө төмөндөтүлдү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Орусия-Эстония

Комментарийлер

live comments feed...