• Башкы бет
  • Оштогу спортчулар өткөн жылы 141 алтын медалга ээ болушкан
13:57, 2023-ж., 23-январь

Оштогу спортчулар өткөн жылы 141 алтын медалга ээ болушкан

Оштогу спортчулар өткөн жылы 141 алтын медалга ээ болушкан

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын спортчулары 48 КР чемпионатына, 55 эл аралык турнирге, 37 КР биринчилигине, 25 республикалык ачык чемпионатка, 22 республикалык деңгээлдеги турнирге, 7 КР кубогуна, 1 Ислам тилектештик оюндарына, 9 Дүйнө чемпионатына, 1 Көчмөндөр оюндарына, 10 Азия чемпионатына жана кубогуна катышты. Мындан сырткары спорттун түрлөрү боюнча 38 окуу-машыгуу уюштурулган.

Ош шаардык спорт жана дене тарбия комитетинин маалыматына ылайык, 2022-жылда Ош шаарынын спортчулары 141 алтын, 154 күмүш, 157 коло медалдарга ээ болушту. Бокс, самбо, футбол, оор атлетика, кикбоксинг, эркин күрөш, дзюдо, жеңил атлетика, улуттук күрөш, тогуз коргоол жана башка спорттун түрлөрү боюнча ийгиликтерге жетишилди.

Узаган жыл ичинде шаардык спорт жана дене тарбия комитети тарабынан 104 шаардык жана спорттук иш-чаралар өткөрүлдү. Алардын ичинен 4 КР чемпионаты (кыргыз күрөш, оор атлетика, алыш күрөшү, волейбол), 1 КР Дзюдо боюнча кубогу, 8 эл аралык турнир (Кикбоксинг боюнча Ош шаарынын кубогу, тогуз коргоол боюнча Ош шаарынын мэринин кубогу, бокс, грек-рим күрөшү, футбол, кикбоксинг, дзюдо боюнча эл аралык турнирлер) жана 1 жолу Алыш белбоо күрөшү боюнча Азия чемпионаты уюштурулду.

Жыл ичинде мектеп окуучуларын активдүү спортко тартууга өзгөчө көңүл бурулду. Шаардын 30 мектебинде ачык сабактарды өткөрүү практикасы киргизилип, окуучуларга республикалык жана эл аралык деңгээлде спорттун ар кандай түрлөрү боюнча ийгиликтерге жетишкен классташтары үлгү катары көрсөтүлдү. Ошондой эле мектеп окуучулары жана жаш спортчулар арасында аскердик-патриоттук тарбияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралар өткөрүлүп, аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери менен биргеликте жөө жүрүштөргө жана чуркоолорго катышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаардык спорт комитети

Комментарийлер

live comments feed...