13:29, 2023-ж., 21-январь
Ош шаары Венгриянын шаарлары менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрөт
20-январда Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов менен Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде боордош шаарлар менен байланыштарды өнүктүрүү багытын, билим берүү, экономика жана инвестиция тармактарын талкуулашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ж.Азимов Ош жана Сегед шаарларынын ортосунда боордош шаар мамилелерин орнотууну эске алуу менен түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөнү, байланыштарды өнүктүрүүнү сунуштады.
Шандор Дороги өз кезегинде келечектүү багыттарда, анын ичинде экономикалык чөйрөдө эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн, биргелешкен ишканаларды көбөйтүүнүн, Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду аркылуу долбоорлорду колдоонун, университеттер аралык кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү жана кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашууга жетишилди.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:08
-ж., 29-февраль
14:04
-ж., 29-февраль
14:02
-ж., 29-февраль
14:01
-ж., 29-февраль
13:59
-ж., 29-февраль
13:55
-ж., 29-февраль
13:52
-ж., 29-февраль
13:49
-ж., 29-февраль
live comments feed...
Комментарийлер