• Башкы бет
  • Ош: Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат
13:27, 2023-ж., 21-январь

Ош: Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат

Ош: Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат

Ош шаарынын мэриясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын жана “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы” боюнча токтомдун аткарылышы, 2022-жылы Ош шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын аткарган иштери жана 2023-жылга карата иш-чаралар планы тааныштырылды.

Жыйынга Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, муниципалдык жана айыл аймактык мекеме-ишканалардын тил боюнча жооптуу адистери, жогорку окуу жайлардын мамлекеттик тилди өнүктүрүү борборлорунун жетекчилери жана мамлекеттик тил комиссиясынын курамы катышты.

Жыйындын жүрүшүндө комиссиянын мүчөлөрү тарабынан сунуштар түшүп, иш планга киргизилди. Алдыда Ош шаарында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулаарын билдиришти.

Иш-чаранын алкагында шаар аймагында жайгашкан ишканалар жана уюмдар менчигинин түрүнө, жеке баш ийүүсүнө карабастан мамлекеттик тил саясатынын негизинде иш алып барышы керектиги талкууланды. Жыйындын катышуучуларына кыргыз тилинин эрежелери боюнча чыгарылган календарлар таратылып берилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаарын

Комментарийлер

live comments feed...