• Башкы бет
  • Британ премьер-министри Риши Сунакка айып пул салынды
12:57, 2023-ж., 21-январь

Британ премьер-министри Риши Сунакка айып пул салынды

Британ премьер-министри Риши Сунакка айып пул салынды

Британиянын премьер-министри Риши Сунакка 20-январда машинени коопсуздук курун такпай айдаганы үчүн айып пул салынды.

Ал өлкөнүн түндүгүндөгү Ланкашир аймагына иш сапар учурунда кызматтык унаасын айдап жүргөн.

Би-Би-Си “42 жаштагы жаран Ланкаширде коопсуздук курун тагынбай машине айдап кармалды”, - деп жарыялап, кийин анын Риши Сунак экенин тактаган.

Өкмөт бул окуядан кийин коомчулуктан кечирим сурады.

Сунак иш сапар маалында машинени өзү айдап, анын жансакчылары мотоцикл менен коштоп жүргөн. Социалдык тармактарга видео тартылуу үчүн бир нече мүнөткө курун чечип койгон.

Кур такпай машине айдаганы үчүн британиялыктар 100 фунт стерлинг (123 АКШ доллары) өлчөмүндө айып пул төлөйт.

Британияда жогору даражалуу адамдар жүрүм-туруму, коомдук эрежелерди эске алынбаганы үчүн кечирим сурашы алгачкы окуя эмес.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Улуу Британия

Комментарийлер

live comments feed...