• Башкы бет
  • Мамлекеттик кызматкерлердин он үчүнчү айлыгы жыл аягында берилет
13:42, 2023-ж., 18-январь

Мамлекеттик кызматкерлердин он үчүнчү айлыгы жыл аягында берилет

Мамлекеттик кызматкерлердин он үчүнчү айлыгы жыл аягында берилет

Мамлекеттик кызматкерлерге квартал сайын бериле турган сый акынын убактылуу токтотулушу — абадан коргонуучу аскердик техникаларын сатып алууга байланыштуу болду.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Ал фейсбуктагы баракчасына жазгандай, Баткендеги кагылышуулардан кийин куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүүгө, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Мамлекеттик кызматкерлерге берилген премия коопсуздукту бекемдөөгө салым катары кошулууда.

«Буга чейин абадан коргонуучу «Байрактар», «Аксунгур», «Акынжы», «Анка» өңдүү заманбап аскерий техникалар сатылып алынып, алды Кыргызстанга келди. Премиянын убактылуу берилбей калышы менен мамлекеттик кызматкерлер өлкө коопсуздугун чыңдоого аз да болсо салым кошту деп айтсак болот.

Андыктан айрым кесиптештердин «премия кыркылды» деп таарынганы орунсуз. Ошону менен бирге мамлекеттик кызматкерлер үчүн он үчүнчү эмгек акы калтырылды. Жылдын аягында он үчүнчү эмгек акы менен чогуу премиялар дагы берилет. Андыктан анын суммасы эмгек акылары жогорулаганын эске алганда жакшы чыгаары күтүлөт», — деп жазды Орунбеков.

Ал ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер үчүн жыл сайын берилип келген он үчүнчү эмгек акы жоюлбаганын айтып, жыл аягында аны менен кошо сый акылар да берилерин кошумчалады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Президенттик аппарат

Комментарийлер

live comments feed...