13:22, 2023-ж., 16-январь

Кадыр Досонов 2 айга камакка алынды

Кадыр Досонов 2 айга камакка алынды

«Женго» каймана аты бар Кадыр Досонов 2 айга камалды. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бүгүнкү маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Ички иштер министрлигинин атайын каттоосунда турган Кара-Суу районунун Кенжекул айылынын тургуну, 1971-жылы туулган Досонов Кадырбек Акбарович (кылмыш чөйрөсүндөгү лакап аты Женго) аттуу уюшкан кылмыштуу топтун башчысы кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Андан кийин сот аны эки айга камады», — деди Абдиев.

Эске салсак, Ош шаардык милициясы 13-январга караган түнү калаанын Курманжан Датка көчөсүндө эки жаранга белгисиз адамдар кол салып, жеринде бирөө каза болгонун билдирген. Экинчиси Ош шаардык ооруканасына түшкөн. Маркум 29 жашта, ооруканага түшкөнү 27 жашта болгон. Экөө тең Ички иштер министрлигинин реестринде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.

Милиция бул окуяга байланыштуу 13-январда кылмыш дүйнөсүндө «Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов кармалганын маалымдаган.Мындан тышкары беш адамга издөө жарыяланган. 14-январда Акылбек Раимберди улу,  Эламан Коргонбай уулу жана Нурбек Чубаков кармалганы кабарланган.

Кечээ, окуяга катыштыгы бар делген төртүнчү жаран  кармалды. Учурда шектүү катары Кара-Суу районунун 22 жаштагы тургуну Эрбол Асан уулу изделүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кадыр Досонов

Комментарийлер

live comments feed...