14:08
-ж., 29-февраль
Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында бир үй-бүлөдөгү төрт киши мештен чыккан иске ууланып набыт болду. Бул тууралуу «Т-Медиага» шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирген.
Кырсык 11-январга караган түнү катталган. Алдын ала маалымат боюнча үйдү жылытуучу мештен чыккан көмүрдүн ис газына 30 жаштагы келин жана анын үч баласы ууланып калган. Ал убакта келиндин жолдошу жумушта болгону айтылды.
Чарчап калган балдардын чоңу тогуз, кичүүсү төрт жашта болчу. Учурда милиция окуяны каттоого алып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Башка маалымат каражаттарында иске ууланган келин 33 жашта экени жазылган.
Комментарийлер